Бишкектеги ботаникалык бактын директору Медет Ахматов кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын июль, август айларында ботаникалык бактын аймагында 8 өрт кырсыгы катталган.
"Өрт кырсыктары убагында өчүрүлүп, ири өлчөмдө зыян алып келген эмес. Тилсиз жоонун келип чыгуусуна көп учурда ботаникалык бакка келген адамдардын өчүрбөй таштаган тамеки калдыгы себеп болгон. Ботаникалык бак убагында сугарылбаганы аймактын бат куурап кетишине алып келген. Азыркы тапта бактын кире беришине күзөтчү коюлуп, көзөмөл күчөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.