Москвада "киши тоноого аракет кылган" деп айыпталып 2 кыргыз жараны колго түштү

Москва шаарындагы Тимирязев РИИБи тарабынан "көчөдөн киши тоноого аракет кылган" деп айыпталып 2 кыргыз жараны кармалды. Аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялагандай, окуя 24-май күнү кечинде "Тимирязевская" метросунда болгон. Кылмышка шектүүлөр 2 айымдын колунан баштыгын алып качмакчы болгон. Окуяга күбө болгон көпчүлүк жакын жердеги полицияга кабар беришип, күнөөлүүлөр көп узабай эле колго түшкөн. Кармалгандар Кыргызстандан барганын, көп убакыттан бери жумуш таппай жүргөнүн айтышкан. Жасаган иштерин масчылыкка шылтап, эч нерсе эстеринде жок экендигин айтышкан алар. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
jeniw
2013-05-25 13:39:14
Кысып журуш керек да кысчу жерди эми бизге да кыйын болот Москвада
+1
zarlyk2211
2013-05-25 14:48:09
Буронун жеринде жон эле журушпойбу.ушундайлардын айынан кыргыздар жек корунуп жатышат.орусяга барарда ойлонуп анан барыш керек.Мамлекет тарабынан чара корулсо жакшы болмок.Чондор ушундайларды коруп ойлонгулачы.
0
moke
2013-05-25 14:57:58
арам окат аш болбойт. ойлонуп иш кылгылачы айланайын кыргыздар, иштегени келгенден кийин кызчуу жерди кызып иштеп кетиш керек да
+3
turgunbek
2013-05-25 17:36:54
кыргыздын наамын булгаган эшектер
0
PROS
2013-05-25 18:25:11
Мага, чын жүрөктөн баары бир! Колу м.н кылдыбы? Моюну м.н тартышы керек!
0
Pita4ok
2013-05-25 19:17:24
Москвада иштебей жургондор коп,мисалы коп эле жаш балдар кыздар,келип иштебей журо беришет.жумушка кирседа 1,2кун иштеп жакпады же оор экен деп чыгып кеткендер копта.Ойлонолучу кыргызым.
+1
Dzheka
2013-05-25 19:17:44
Жаль очень! Штраф толоп чыгышса жакшы, эгерде сизого айдаса, вот ошондо аттин кылышат, ойлонгонго убакыт кооп ал жерде. Чыгуу учун акчанын кеткенин айтпа....)
0
uty
2013-05-26 00:47:53
Dzheka, ни какого щтрафа сразу расстрель на ф..ь
0
Dzheka
2013-05-26 16:06:23
uty, я тебя не поняла! О чём ты? Сразу растрелять этих мальчиков, по закону, никто не имеет право! Их может осудит.., все!
0
bosmos7
2013-05-25 21:14:35
Кыргыздын атын булгабай журолучу!!! Туугандар!!Ушул экоонун айынан канча Кыргыз жабыркайт!
0
tynara81
2013-05-25 21:36:31
Жакшы иш болбоптур. Эми кыргызмын десен уурудай карап калышат экен да ушундай акмактардын айынан. Иш жок болсо эле уурулук кылыш керек бекен, кет нары уйуно, колундан иш келбесе.
+1
aigulkg
2013-05-25 21:56:56
Кудай сактай кор.
0
beka88
2013-05-26 08:53:09
бадирендер колдон келген ишти кылыш керек,
0
nurik9090
2013-05-26 09:43:18
бир каарын майды бир кумалак чиритет болуптур, ушундай ни мяса ни рыбалар Кыргыздардын кадыр баркын тушуруп атат,келдинби кысчу жерди кысып иштеш керек.
задныйды кыскан бай болот.
0
asya-sky-87
2013-05-26 21:32:03
Болок жерден ушундайды токтотпойлубу кыргызым!
0
Aijan1968
2013-05-27 00:11:11
Туура эмес кылышыптыр....Эми жазасыз калышпайт албетте....
0
admin_superstan
2013-05-27 10:58:05
asya-sky-87, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган.
Билдирүүңүз түзөтүлүп, сиз сайттан 3 күнгө четтетилдиңиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан