Мындан 9 жыл мурун, 2008-жылдын 14-сентябрында Москва-Пермь каттамында бараткан Боинг-737 учагы аэропортко 11 чакырым жетпей кулап, ичиндеги 88 кишинин баары (82 жүргүнчү, 6 экипаж мүчөсү) каза тапкан. Каза болгондордун арасында Орусия президентинин кеңешчиси Геннадий Трошев, Орусиянын Самбо федерациясынын биринчи вице-президенти Владимир Погодин, Чуваш Республикасынын мамлекеттик кеңешинин депутаты Александр Трофимов да бар болгон. Мамлекеттер аралык авиациялык комитет "экипаж ортосундагы өз ара карым-катнаштын жоктугу жана учууга даярдык учурундагы техникалык мүчүлүштүктөр кырсыктын келип чыгуусуна себеп болгон" деп жыйынтык чыгарышкан.
Ошол эле күнү кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, 2012-жылдын июль айында тергөө токтогон. Буга кылмышка шектүүлөрдүн каза болушу себеп болгон.
14-сентябрга карата жылнаама.