Транспорт жана жолдор министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМК менен бирге жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар ачыкталган.
"2015-жылдын май айында Кыргыз өлкөсүнүн Бажы биримдигине кирүү боюнча иш-чаралардын алкагында аталган министрликке баасы 826 миң 236 долларга компьютер жана жабдыктар "И" ишканасынан сатылып алынган. Министрликтин жумушчу комиссиясы келишимди түзүүдө бир катар мыйзамдарды бузган. Андан сырткары сатылып алынган компьютерлердин баасы да рыноктук баадан жогору болгон. Анын кесепетинен мамлекетке 17 миллион сомго жакын зыян алып келген", - деп айтылат прокуратуранын маалыматында.
Азыркы тапта жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306 (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Айта кетсек, компьютер жана жабдыктар үчүн акча каражаты Орусия тараптан кайтарымсыз берилген.