Депутат: "142 миллион сом мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө эмес, өлтүрүүгө кетип калды"

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчалар максатсыз пайдаланылганын айтты.

"2015-жылдан 2020-жылга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 500 миллион сом акча бөлүнгөн. Кечээ каржы министринин орун басары ушул жерден 142 миллион сом өздөштүрүлдү деп айтты. Ушул 142 миллион сом мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө эмес, өлтүрүүгө кетип калды. Ушул боюнча парламенттик комиссия түзүш керекпи, тармактык комитетке бериш керекпи. 142 миллиондун көбү Маданият жана Билим берүү министрликтерине, Илимдер академиясына кеткен. Кетирилген акчалардын баарына чет өлкөнүн китептери чыгарылып жатат. Ушул кантип мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошо алат. 142 миллион сомго кандай иштер аткарылды эч ким билбейт. Биз бул акчанын кайда кеткенин билбей туруп 200 миллион сомду карабашыбыз керек", - деди Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Patriot7
2017-09-14 11:04:16
Урматтуу редакция,

Бизге ошол 142 миллион сомдун жумшалган сметасын алып берсенер?! Кайда жумшалды, эмнеге жумшалды, китеп басууга жумшалса эмне деген аталыштагы китеп канча нускада басылып чыкты ж.б....
+8
admin_superstan
2017-09-14 12:24:07
Patriot7, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
asankulov12
2017-09-14 11:20:15
Ушул депутат коп сулогондон башканы билбейт экен!
+2
altyn7776
2017-09-14 11:32:23
Туштук элин [moderated] деп болгон конкобайлар кыргыз тилин онуктуро албай баштары ман. Кыргыз эмес киргиз болгонун факт катары айтып жатат да депутат агабыз
+4
Jarookerjan
2017-09-14 12:45:20
Момбеков калп эле жагалданып элге,мамлекетке куйгон адам болуп коруно берет.Суйлосо тим эле тилинен чан чыгат.Ал эми иш жузундо анын бири жок,кайрадан баары тескерисинче.Коротулган акчаны жеп,жуткандарды колдоп,коргоп жиберет.Кээ бир учурда озу деле табакташ болуп чыга келет.
0
Jarookerjan
2017-09-14 13:02:35
Май кармаган бармагын жалайт деп,бардык тармакта ушундай былгыган корунуштор.Мынча коротулду,анча коротулду эле дешет бир жыйынтыгы жок.Бут алдым жуттум,сол чонтойуно иштеген мамлекетке куйбогон кара озгойлорду чон кызматка коюп койсонор ошондой болот да.
Орто жолдо элди эле тоноп жатышат.Ушул зээн кейиткен корунушторго,кемчиликтерге тээтиги жогору жак туздон туз куноолуу.Анткени копчулук,жоопкерчиликтуу,майлуу суттуу жогорку кызматта жалан бийликтин арыгын чапкан,кошоматчы,сабатсыз адамда
0
kenjebek_a
2017-09-14 13:11:19
Ошол тил комисиянды депутатынды,мурда сыйлап жургон Маданият министириндин баарын ....да кол койдум.
-1
Azatbek83
2017-09-15 16:30:30
Мурун ошондой нерсени кылбай эмне кылып журдунор экен.Эми шайлоого жакын озунорду корсотуп чыктынар!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан