Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн бүгүн, 14-сентябрда тараткан билдирүүсүнө караганда, Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Ал эми президенттин дагы бир буйругу менен Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп Бөкөнбай Казаков дайындалды.
Айта кетсек, Кылычбек Токтогулов башкы прокурордун биринчи орун басары болуп 2015-жылдын 14-мартында дайындалган.