Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги: "Өлкөнүн түштүгү менен түндүгүндө цементтин баасында олуттуу айырмачылык болууда"

Өлкөнүн түштүк жана түндүк аймагында М-400 үлгүсүндөгү цементтин баасында олуттуу айырмачылык болууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, июль айынын аягындагы иликтөөнүн жыйынтыгында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы "Түштүк кыргыз цемент" заводунун өндүрүшүнөн чыккан цементтин баасы түштүктө 285-300 сомго бааланууда. Ал эми ошол эле цемент өлкөнүн түндүк аймагында 240-270 сомдон сатылып, айырмасы 30-40 сом болуп жатканы белгилүү болгон. Учурда Кызыл-Кыя шаарынан өлкөнүн түндүк аймагына 1 кап цементти жеткирүү 50-75 сом болууда.

Мындан улам Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги "Түштүк кыргыз цемент" ААКсына монополияга каршы мыйзам бузулуп жатканы боюнча маалым кат жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriot7
2017-09-14 12:34:39
Туура, жонго салуу керек!!! Кызыл Кыядан чыккан цемент баасын 200 сомго чейин томондотуу керек!!!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан