Ош шаарында 2 жаштагы баланы туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк менен Орусияга алып кетүүгө аракет кылган аял кармалды

Ошто 2 жаштагы баланы туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк менен Орусияга алып кетүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Ош-аэропорт" көзөмөл-өткөрүү жайында Ош-Москва каттамындагы №965-рейсти каттоо учурунда 1980-жылы туулган И.С. аттуу Кыргыз жараны кармалган.

"Ал 2 жаштагы баланы туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк менен өлкөдөн сыртка алып чыгып кетүүгө аракет кылган. Анын айтымында, баланын атасы өлкөдөн чыгарууга уруксат бербегендиктен жасалма документ колдонгон. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, кармалган аял УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ady-88
2017-09-14 12:14:20
Че то бугуг оштун пограничниктеринин баштарына чоп чыкканго. Жпкшы иштеп калыптыр. Бир тажикти кыргыз паспорту менен кармаса эми бул аялды кармап жатат.
+4
erkeleim
2017-09-14 12:48:28
Акча бералбай калса керек акчасы болгондо отуп кетмек
+5
Emir-2023
2017-09-14 13:01:47
Биздин оштогу пограничниктер, башка кундору иттен жаман, москвадан барсан же аяктан келе жатсан кылган мамилесинен коруп жанынды чыгарат
+1
emmasha
2017-09-14 13:51:50
Оштон откону менен Москвадан отпой калмак да. Адамдар озунон башканын баарын жинди ойлошот тооба.
-3
madina.87
2017-09-14 15:26:47
Мен оз балдарымды зорго алып келдим.
Тан каласын адамдарга тооба.Кандай коркушпайт экен десенер
0
tina.kg
2017-09-15 08:41:33
Атасы жооп бербесе эмне кылсын байкуш,иштеш керек да бул Жака таштагагы эч кими жок чыгар,жанымжа алып журом дегенго,,,,
+1
Kroxa
2017-09-17 09:02:41
Куболук эмес доверенность жасалма болушу мумкун да куболук берилет го ар бир балага таза эле... атасы соглашение бербей койсо жасатса керек..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан