Ысык-Көл облусунда жай айларында чет элдик туристтерге карата 38 кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Туристтерге карата уурулук, ден соолукка зыян келтирүү, бейбаштык, зордуктоого аракет кылуу сыяктуу фактылар катталган. Жабыркагандардын көпчүлүгү Орусия жана Казакстандын жарандары. 38 кылмыштын баары Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын ичинде болгон", - деп билдирди Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.
Усубакуновдун айтымында, чет элдик туристтерге карата жасалган кылмыштар былтыркыга салыштырмалуу азайган.