Бишкекте таштанды таштоочу контейнерден ымыркайдын жансыз денеси табылды

Бишкекте таштанды таштоочу контейнерден ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Бишкектеги Кустанай жана Астрахань көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды таштоочу контейнерден ымыркайдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат бүгүн саат 10:30 чамасында 102ге келип түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин жана Ленин РИИБинин кызматкерлери барышып, тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүүлөр изделүүдө. Ымыркайдын качан төрөлгөнү жана эмнеден улам каза болгону такталууда", - деди Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kutlibek
2017-09-14 15:07:35
Эгер ушул бейкуноо наристени апасын Ислам дининен кичине тушунугу бошогондо мындай долго барбайт эле
+2
ashamkan
2017-09-14 15:08:26
Кудай сактаааааа бул адамдарда ыйман кетти гоооооо ........
+4
kg_emilbekov
2017-09-14 15:10:14
бирого зар дуйно бирого кор дуйно деген ушу да
+10
Tansuluu09
2017-09-14 15:18:08
Ээ аял зааты деле эркеги деле кыса турган жерин кысканда бээ куноо наристелер олбойт болчу ойлонгулачы Бир нерсени баштаар алдында ойлоно турган мээнер болсо не болгон адамдарга ойлонуп иш кылганда туалетке , тоого адырга таштандыга ташталбайт болчу наристелер . Кандай мээси иштебейт ХХХХ буйумдай ар жерге таштап салгыдай
+3
shirin_kyz88
2017-09-14 15:18:59
Кичине бир алсыз наристеден кутулам деп, о дуйнодо тоодой балееге туш болоорун ойлоду бекен акылсыз айбан.
+7
Xanisha
2017-09-14 15:21:46
Алла Тааламда ушундай зоокур кукушка энелерге берип коет, ал эми кундо Кудайдын улуу куну туну тиленип жургон бизге бербейт. Азыр сактануучу кара жаттар чачтан коп,колдонсонор болот беле? Ал ымыркай жаралып калган сон, андан кийин торогонсон, баксан эмне озунор олуп калат беленер? Бул жерде жатып берген кызда, ошол иштикылган эркекта Кудай алдында жооп бересинер ошону унутпагыла.
+4
emmasha
2017-09-14 15:40:05
Ушундай кабарды окуган сайын озумду коерго жер таппай калам. Кандай акмактын, кандай айбандын колунан келет ушундай иш.А мен болсо кудайдан жалбарып бала тилеп келем. Мага берсе болбойт беле ушул баланы. Неге адилетсиз бул жашоо дегени. Кун санап кутуп келем. Жаратканым мага да берээрин унутпаса экен
+6
nazira...
2017-09-15 11:21:55
emmasha, Ооба, берээрин унутпасын. Мен да какшаганым какшаган кунуно беш жолу намаздан кийин суранып келем канча жылдан бери. Кээде ыйлайм ушундайларды окуган сайын. Кудайга шугур кызым, уулум бар, омурун берсин ушуларымын.Бирок жашым отуп кеткенге чейин балдарыма шерик кылып торосом экен деп келем. Кудайым берээрине ишенем. А баланы таштагандар азабын тартаарын билишпейт окшойт.
0
Oreanda
2017-09-14 16:54:59
Журокту эле жанчып бутуштуго,эмне деген заман?
Таштанды таштоочу жайларга камера орнотсо азаят беле ушундай кылмыштар же изин таптырбай кеткендер кармалат эле
+1
Hanzada.sabih
2017-09-14 16:59:32
Ошо эркек мн жатып атканда мээси эмнени ойлонду экен,5 муноттук жыргал деп бир адамды олтурууго кайсы акмактын дити барат?!озумду койорго жер таппай турам
+2
Lekarstvosvoegomuja
2017-09-14 18:05:42
Достор, туугандар!!! Баланарды ыргытпай, тумчуктурбай, итке бербей бизге алып келип тыштап кеткилечи биз багабыз. Менин ватсабым 905396111067 суранам.
0
bond02
2017-09-14 20:17:03
Менимче азыр ошол таштанды таштаган челектердин жанына скрытый камераларды кучотуу керек, болбосо кылмыштан кутулуунун бирден бир жолу ушул таштанды челек болуп калды.
0
grace
2017-09-14 21:02:04
Айланайын, мечитке, ооруканага апкелип таштагылачы... Эмне болуп баратасыңар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан