Чүйдө куралчан 4 адам тууралуу милицияга билдирген жаранга психологиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал адамдын айтканы боюнча атайын "колго түшүрүү" планы жарыяланып, тиешелүү жерлерге тосмолор коюлуп ар бир унаа текшерүүгө алынган. Бирок эч кандай шектүү 4 адамдын жүргөнү аныкталган эмес.
"Азыркы тапта куралчан 4 адам тууралуу маалымат берген жаранга психологиялык экспертиза дайындалды. Эгер анын акыл-эси жайында болсо, ага мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүлөт. Берген маалыматын улам өзгөртүп жатат. Бирде сумкасы бар десе, бирде сумкасы жок болчу деп", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Айта кетсек, 12-сентябрь күнү милиция кызматкерлерине 1989-жылы туулган Ш.Р. аттуу жаран кайрылып, саат 17:30 чамасында Панфилов районунун айылдарынын биринде белгисиз куралчан төрт адам коркутуп, унаасы менен белгиленген жерге жеткирип коюшун талап кылышканын билдирген.