Бишкекте бодибилдинг жана бодифитнес боюнча Кыргызстандын Ачык чемпиондугу өттү

25-май күнү Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында бодибилдинг жана бодифитнес боюнча Кыргызстандын Ачык чемпиондугу болуп өттү. Чемпиондукка республика боюнча 16 жаштан 55 жашка чейинки 55 спортчу катышты. Спорт чеберлери калыстык кылган бул мелдеште өспүрүмдөр арасында 75 килограммга чейинки салмактагы спортчулар күч сынашып, Кулмаметов Нургазы 1-орунду жеӊип алды. Ал эми 75 килограммдан жогорку салмактагылар арасында Николай Кривошев алтын медалга ээ болсо, 90 килограммга чейинки салмактагылар арасындагы жарышта Алесандр Навицский аттуу спортчу алдынкы орунду ээледи. 

Ошондой эле 90 килограммдан жогорку салмактагылар арасында мелдеш болуп, анда биринчиликти Алексей Горнастаев аттуу балбан жеӊди. Чемпиондуктун кызыгын арттырган дагы бир учур кыздар арасында "Мисс бикини" жана "IFBB`инин эрежелери менен" тапшырмаларынан турган мелдештин өтүшү болду. "Мисс бикини" сынагында Ольга Калагина 1-орунду алса, кийинки тапшырма боюнча Айсулуу Карымбаева алтын медалга татыды. Иш-чарада көрүүчүлөр арасында да "Мистер Торс" аттуу сынак уюштурулуп, каалоочулар чыгып күчтөрүн сынаганга мүмкүнчүлүк болду. Мындан сырткары чемпиондукка Ташчайнар аттуу лакап аты менен таанымал балбан Нурлан Алишеров келип, көрүүчүлөргө өнөрүн тартуулады. Кыргызстандын Бодибилдинг жана бодифитнес федерациясынын президенти Тимур Жаӊыгулов билдиргендей, мелдеш ушунусун кошкондо 22-жолу уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
asya-sky-87
2013-05-26 21:28:22
Жакшы экен
0
Aslana
2013-05-27 14:55:24
Ошондо могу амбалдардын баары протеин ичкенби же чын эле ушундай булчундуубу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан