Бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянова көрсөтмө берип жатып, эгер ал Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясынын мөөнөтүн узартпай койгондо анда мыйзам бузуу болмок экенин айтты.
“Мыйзамга ылайык, Елисеевдин лицензиясынын мөөнөтүн узартууда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Тескерисинче, эгер биз ошол учурда Елисеевдин жактоочулук лицензиясынын мөөнөтүн узартпай койгон болсок анда мыйзам бузулмак”, - деди Салянова.
Андан сырткары ал жактоочунун “Елисеевдин лицензиясын узартууда башка адамдар менен кеңешип чечим кабыл алдыңыз беле?” деген суроосуна эч ким менен кеңешпегендигин айтты. "Мен юстиция министри болгон учурда орун басарым Жылдыз Мамбеталиева менен гана аталган чечим боюнча талкуулагам" деп кошумчалады Салянова.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин (Максим Бакиевдин жакын адамы) адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.