Бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Салянова тергөөдө "Алексей Елисеевдин лицензиясын узартууда анын соттолгондугу тууралуу маалым кат болгон" деген көрсөтмөсү боюнча түшүндүрмө берди.
Жактоочу Улан Жумаков Саляновадан: “Сиз тергөөдө көрсөтмө берип жатып Елисеевдин документтеринин арасында анын соттолгону тууралуу маалым кат бар эле дептирсиз. Бул нерсени кандай түшүнсөк болот?” - деп сурады.
“Андан бери көп убакыт өттү, мен азыр ошол тергөөнү так эстей албай жатам. Андан сырткары мен жактоочулардын иши боюнча өтө тереңден билбейм. Бирок мен орун басарым Жылдыз Мамбеталиеванын Елисеевдин лицензиясын узартуу боюнча баары так, эч кандай маселе жаралбайт дегени эсимде”, - деди Салянова.
Ушул учурда сот башка суроо берүүгө аракет кылып, Салянова андан ал жооп берип жатканда үзгүлтүккө учуратпоону суранды. Натыйжада сот менен жактоочунун ортосунда кайым айтышуу орун алып, кийин Салянова сөзүн улады.
“Мага тергөөчүлөр ушундай маалым кат бар дешсе, алар айтса, демек, бар экен деп, алардын суроосуна "ооба" деп жооп берип коюшум мүмкүн. Мен соттук отурумдар мынчалык келесоолук деңгээлге чейин жетерин билгенде адистер менен сүйлөшүп тактап, даярданып алмакмын”, - деп кошумчалады Салянова.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин (Максим Бакиевдин жакын адамы) адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.