Валентина Шевченко UFC'нин жаңыланган рейтингинде биринчи орунду сактап калды

Валентина Шевченко UFC'нин 13-сентябрда жаңыланган рейтингинде биринчи орунду сактап калды. Экинчи орунда Ракель Пеннингтон, үчүнчү орунда Холли Холм, төртүнчү орунда Жулианна Пенья, бешинчи орунда Ронда Роузи жайгашкан. Ал эми бразилиялык Аманда Нуньес абсолюттук чемпион болгондуктан рейтингге кирген эмес.

Айта кетсек, жаңы рейтинг 10-сентябрь күнү Канадада өткөн UFC 215 турниринин жыйынтыгынын негизинде жарыяланды. Мелдештин алкагында Кыргыз өлкөсүнөн чыккан спортчу Валентина Шевченко эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн Аманда Нуньес менен реванштык беттешке чыккан. Анда Шевченко бразилиялык мушкер Аманда Нуньеске жеңилип калган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kg_emilbekov
2017-09-15 16:29:14
оооо эн жакшы жанылык алга
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан