Бүгүн, 15-сентябрда мурдагы депутат “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Райкан Төлөгөновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумда тергөө иштерине байланыштуу күбөлөр суралды. Бүгүн бул ишке күбө катары суралган мурдагы депутат Туратбек Мадылбеков бул иш камактагы Абдулла Юсуповдун жалган көрсөтмөлөрүнөн улам козголуп, туура эмес жагдайда каралып жатканын айтты.
“Юсуповдун жомогунда силер да куурчак болуп калдыңар. Бул өзү куурчак театры. Мунун баары жомок. Бул жомокторду кармап отуруп, Төлөгөновду камап соттоп жатасыңар. Эгер бул ишке башка күнөөлүүлөр табылып калса, Төлөгөновдун тагдыры үчүн ким жооптуу болот? Мен азыр бул иш боюнча иликтөө жүргүзүп жатам. Мен өлгөнгө чейин бул ишке байланыштуу ИИМдин пенсиядагы кызматкерлерин таап алып келем. Абдулла Юсупов бүгүнкү күнгө чейин ойноп жүрөт. Бул оюндун аягы дагы чыгат, аз калды. Ошондо алар моюнуна алат. Чындык кеч болсо да чыркырап чыгат”, - деди сотко Мадылбеков.