Бүгүн, 15-сентябрда мурдагы депутат “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Райкан Төлөгөновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумда тергөө иштерине байланыштуу күбөлөр суралды. Бүгүн бул ишке күбө катары Орунгүл Жамакеева суралып, бул иш боюнча эч нерсе айта албай турганын билдирди.
“Мен эч нерсени көргөн эмесмин. Менин бир жаштагы балам бар эле. Үйдө эле отургам. Быйыл 7 жыл өттү, азыр эч нерсени эстей албайм. Мага кызматкерлер келип, Апрель окуясынан 2 жылдан кийин бир кагазга кол коюп берүүмдү суранышкан. Мен макулдук берген эмесмин. Бирок алар эч ким тынчымы албай турганын айтып, кол койдуруп кетишкен”, - деди Жамакеева.
Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.