Орусияда Кыргыз жараны жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Астрахань облусунда болгон. Анда 28 жаштагы айдоочу 52 жаштагы аялды сүзүп алган. Жабырлануучунун Кыргыз жараны экени аныкталып, ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучу жолду туура эмес жерден кесип өтүп бараткан.
Учурда жол кырсыгы боюнча административдик иликтөө жүрүүдө.