Бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши каралып жатат. Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянова көрсөтмө берүүдө.
Иш убактысынын бүткөнүнө байланыштуу жактоочу Чынара Жакупбекова соттук отурумду кийинкиге жылдырууну талап кылды.
“Мына, саат 17:00 болду. Мыйзам боюнча иш убактысы бүттү. Мен бала бакчага барып баламды алып кетишим керек. Сиз иш убактысы бүткөн соң отурумду уланта албайсыз”, - деди жактоочу.
“Сиз отурумга кечигип келдиңиз, демек, кеч жыйынтыктайбыз”, - деп жооп берди сот.
“Адамды мыйзам боюнча 4 сааттан ашык суракка алууга болбойт. Сиз бул кылыгыңыз менен мыйзамды бузуп жатасыз” деди жактоочу. Бирок сот чечимин өзгөртпөй, отурумду уланта берди. Отурум саат 18:00гө чейин уланып аяктады. Кийинки соттук отурум 18-сентябрга дайындалды.