Өткөн суткада өлкөдө 8 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Айта кетсек, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 2 жана Талас облусунда 1 тилсиз жоо орун алды. Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен адам өмүрүнө зыян келтирилген фактылар катталган жок.