Кыргыз спортчулары Түркмөнстанда Жабык имараттагы V Азия оюндарына сапар алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан өкмөт мүчөлөрү узатышты. Алар эл аралык спорттук мелдештерде өлкөнүн намысын коргогон ата мекендик спортчулар менен сыймыктана турганын билдиришти.
Айта кетсек, Жабык имараттагы V Азия оюндары 17-27-сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтөт. Бул оюндарга өлкөбүздүн атынан төмөнкүлөр катышат.
Жеңил атлетика боюнча Кыргыз курама командасы:
- Гулшанай Сатарова - 800 жана 1500 метр аралыктагы жарышка катышат;
- Алигаджи Магомедгаджиев - 60 метр аралыктагы жарышка катышат;
- Арина Клещукова - 800 метр аралыктагы жарышка катышат;
- Мусулман Жоламанов - 800 жана 1500 метр аралыктагы жарышка катышат;
- Кирилл Сарасов - 400 метр аралыктагы жарышка катышат;
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курамасы:
- 59 килограммга чейинки салмак ченинде: Калы Сулайманов;
- 66 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурбек Абдуганиев;
- 71 килограммга чейинки салмак ченинде: Руслан Царев;
- 75 килограммга чейинки салмак ченинде: Кайратбек Түгөлбаев;
- 80 килограммга чейинки салмак ченинде: Атабек Азисбеков;
- 85 килограммга чейинки салмак ченинде: Азат Бейшебеков;
- 98 килограммга чейинки салмак ченинде: Үзүр Жусупбеков;
- 130 килограммга чейинки салмак ченинде: Мурат Рамонов.
Эркин күрөш боюнча Кыргыз курамасы:
- 57 килограммга чейинки салмак ченинде: Улукбек Жолдошбеков;
- 61 килограммга чейинки салмак ченинде: Алибек Осмонов;
- 65 килограммга чейинки салмак ченинде: Тилек Шаршеев;
- 70 килограммга чейинки салмак ченинде: Эламан Догдурбек уулу;
- 74 килограммга чейинки салмак ченинде: Муслим Евлаев;
- 86 килограммга чейинки салмак ченинде: Бактияр Карагул уулу.
Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз курамасы:
- 48 килограммга чейинки салмак ченинде: Саяна Байызова;
- 55 килограммга чейинки салмак ченинде: Назира Марсбек кызы;
- 58 килограммга чейинки салмак ченинде: Айсулуу Тыныбекова;
- 69 килограммга чейинки салмак ченинде: Мээрим Жуманазарова;
- 75 килограммга чейинки салмак ченинде: Айпери Медет кызы;
Кикбокс боюнча Кыргыз курама командасы:
- 51 килограммга чейинки салмак ченинде: Акрам Баратов, Бактыгүл Абдисаламова;
- 57 килограммга чейинки салмак ченинде: Авазбек Аманбеков, Юлия Борисова;
- 63 килограммга чейинки салмак ченинде: Алексей Федосеев;
- 67 килограммга чейинки салмак ченинде: Айбек Дүйшөмбиев;
- 69 килограммга чейинки салмак ченинде: Эрик Воинов;
- 71 килограммга чейинки салмак ченинде: Адилет Бекжан уулу, Чыңгыз Калбаев;
- 74 килограммга чейинки салмак ченинде: Келечек Оросбек уулу;
- 79 килограммга чейинки салмак ченинде: Азамат Кудайбердиев, Ален Офойо;
- 89 килограммга чейинки салмак ченинде: Олжобай Кудайберди уулу;
Спорттук самбо боюнча Кыргыз курама командасы:
- 52 килограммга чейинки салмак ченинде: Тилек Аманкулов;
- 57 килограммга чейинки салмак ченинде: Белек Бараканов, Дөөлөт Садыркулов;
- 62 килограммга чейинки салмак ченинде: Арсен Камчибеков;
- 68 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Те, Элдос Масиев;
- 74 килограммга чейинки салмак ченинде: Урмат Мамбетжан уулу;
- 82 килограммга чейинки салмак ченинде: Жамалбек Асылбек уулу;
- 90 килограммга чейинки салмак ченинде: Павел Гончаров, Турарбек Жолдошказиев.
Мушташ түрүндөгү самбо боюнча Кыргыз курама командасы:
- 52 килограммга чейинки салмак ченинде: Мухаметали Эргешев;
- 57 килограммга чейинки салмак ченинде: Илимбек Жаныбеков;
- 62 килограммга чейинки салмак ченинде: Орозбек Автандил уулу, Жоодарбек Сатикеев;
- 68 килограммга чейинки салмак ченинде: Алайбек Үмөтов;
- 74 килограммга чейинки салмак ченинде: Салмоорбек Маматэмин уулу, Бекназар Раимкул уулу;
- 82 килограммга чейинки салмак ченинде: Эдилбек Шакирмаматов;
- 90 килограммга чейинки салмак ченинде: Жаныбек Аматов, Мелис Жолдошев;
- 100 килограммга чейинки салмак ченинде: Улукбек Мамытов, Данияр Алымжанов;
- 100 килограммдан жогору салмак ченинде: Максат Мусабаев.
Кыз-келиндер арасындагы самбо боюнча Кыргыз курамасы:
- 48 килограммга чейинки салмак ченинде: Нуржанат Бекматова, Айкөл Абдылдабек кызы;
- 52 килограммга чейинки салмак ченинде: Динура Сулайманова;
Футзал боюнча Кыргыз курама командасы:
Виталий Зубарев, Дилшат Кадыров, Ильяс Чотбаев, Манас Абдрасул уулу, Бексултан Назаров, Николай Шамонин, Максат Алимов, Актай Таштанов, Арстанбек Турсунов, Мирлан Жолдубаев, Дамир Исаков, Азимжан Юнусов.