Бишкекте "1,5 жаштагы наристени зордуктоого аракет кылган" деп шектелип 18 жаштагы куруучу кармалды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИБи тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-сентябрда катталган. Зордуктоого шектелип кармалган жаран милиция бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, милицияга Жибек жолу менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши тарабындагы үйлөрдүн биринде наристени зордуктоо аракети болгон деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жетип келип, 1,5 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаранды кармашкан.
Наристенин атасы милицияга кармалган жаранды үй курулушуна иштетүү үчүн Бишкекке чакыргандыгын билдирген.
.