Түркмөнстанда өтүп жаткан Жабык имараттагы V Азия оюндарында футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы эң биринчи беттешин Иордания курама командасы менен өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Чүчү кулак тартылган соң биздин курама команда "D" тайпасына туш келди. Бул тайпада Иордания, Иран жана Таити курама командалары бар. Өзүнүн биринчи оюнун биздин курама команда Иордания менен 18-сентябрда өткөрөт", - деп билдиришти мекемеден.
Белгилүү болгондой, 12 оюнчудан турган футзал боюнча улуттук курама команда, башкы машыктыруучу Амиржан Мукановдун жетекчилигинде кеткен.
Кыргыз курама командасынын оюндарынын жүгүртмөсү:
1-тур, 18-сентябрь
12:00 Иран — Таити
14:15 Кыргыз — Иордания
2-тур, 19-сентябрь
12:00 Кыргыз — Таити
14:15 Иордания — Иран
3-тур, 21-сентябрь
12:00 Кыргыз — Иран
14:15 Иордания — Таити