"Ислам мамлекети" террордук уюму Лондон метросундагы жардырууну өз моюнуна алды. Бул тууралуу Reuters басылмасы аталган уюмдун Amaq аттуу агенттигине шилтеме берип жазып чыкты.
Белгилей кетсек, 15-сентябрда болжол менен саат 8:20 чамасында Лондондун "Парсонс Грин" метросунда жарылуу болуп, 30га жакын адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Күбө болгондордун айтымында, аталган метронун ичинде калтырылган ак түстөгү контейнер жарылган. Полиция кызматкерлери жарылуучу каражат колго жасалгандыгын болжошту.
Такталбаган маалыматтар боюнча, башында 20га жакын адам күйүк жаракаттарын алышканы кабарланган. Кийинчерээк жабыркагандардын саны 29 адамга жеткен. Окуя боюнча Лондондун контртеррордук полициясы алектенүүдө. Маалым болгондой, жардырууга шектүү адам тууралуу маалыматтар чогултулууда.