ЖЫЛНААМА, 17-СЕНТЯБРЬ: "Москва көз жашка ишенбейт" тасмасын жаратып, бирок ал үчүн бир дагы тыйын албаган режиссёр Владимир Меньшов 78 жашка толду

"Москва көз жашка ишенбейт" ("Москва слезам не верит"), "Сүйүү жана көгүчкөндөр" ("Любовь и голуби") жана "Ширли-Мырли" тасмаларынын режиссёру, сценарист жана актёр Владимир Меньшов бүгүн, 17-сентябрда 78 жашын белгилеп жатат.

11 жашынан тарта кино, актёрлор жөнүндөгү китептерди окуй баштаган

Режиссёр 1939-жылы Азербайжандын Баку шаарында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси Орусиянын Астрахань шаарынан болушкан, бирок атасы аскер кызматкери болгондуктан актёр төрөлгөн маалда Азербайжанда эмгектенип жаткан. Владимир Меньшовдун балалыгынын алгачкы жылдары Баку шаарында өтүп, 1947-жылы атасынын жумушуна байланыштуу Архангельскиге көчүп барышкан. 11 жашында болочоктогу актёр кино дүйнөсүнө кызыгып, советтик фильмдерди жатка билген. Кинематография, атактуу режиссёрлор, актёрлор жөнүндө журналдарды, китептерди көп окуган.

Ата-энеси анын актёр болушуна каршы экенине карабай 1957-жылы Бүткүл орусиялык кинематография институтуна тапшырып, өтпөй калган. Көп өтпөй өзү жашаган жердеги драма театрга кабыл алынат. Күнүмдүк жашоосу үчүн көмүр кенинде, кемеде иштеп акча табат. 1961-жылы Москвадагы көркөм театрдын студенти болуп, атактуу актёрлор менен таанышат.

1970-жылы Владимир Меньшов курсташы менен бирге "Бактылуу Кукушкин" ("Счастливый Кукушкин") тасмасына сценарий жазып, андагы башкы ролду ойноого макулдугун берген. Фильмди көрүүчүлөр, сынчылар жакшы кабыл алышкан. Бир жылдан кийин "Өз ордундагы адам" ("Человек на своём месте") тасмасында башкы ролду аткарып, Алматыда өткөн 4-Бүткүл союздук кинофестивалда сыйлык алган.

Владимир Меньшов мындан тышкары "Ар-хи-ме-ды!", "Акыркы жолугушуу" ("Последняя встреча"), "Нефолет каякта?" ("Где находится нофелет?"), "Курьер", "Магистраль", "Брежнев", "Күндүзгү күзөт" ("Дневной дозор") фильмдеринде көрүнүктүү ролдорду аткарган.

"Москва көз жашка ишенбейт"

1976-жылы Владимир Меньшов "Тамаша" ("Розыгрыш") толук метраждуу тасмасын тартып бүтүргөн. Аталган фильм Орусиянын мамлекеттик сыйлыгынын ээси болгон. 1978-жылы режиссёр айтылуу "Москва көз жашка ишенбейт" ("Москва слезам не верит") тасмасын тарта баштайт.

Анын сценарийинин автору Валентин Черных. Фильм бүткүл СССРдин, жакынкы чет өлкөлөрдүн, Европа жана Американын кинотеатрларына коюлган. Тасманы туура 100 өлкө сатып алганын жана биринчи эле жылы аны 90 миллион адам көргөнүн статистика билдирет. "Мосфильмдин" почтасына мүшөк-мүшөк каттар келип түшкөн. АКШда 12 айдын ичинде 2,5 миллион долларлык киреше топтогонго үлгүргөн кино 1981-жылы Американын эң престиждүү киносыйлыгы болгон "Оскарды" "Эң мыкты чет өлкөлүк тасма" номинациясы боюнча жеңип чыккан. "Москва көз жашка ишенбейт" деп дүйнөнүн эң чоң өлкөлөрүндө афишалар илинип, эң мыкты кинотеатрларда бет ачарлар башталган. Бирок ошол бет ачарлардын бирине да режиссёр Меньшов катышкан эмес.

Белгисиз себептерден улам Меньшовду бир да өлкөгө тасманын бет ачарына жиберишкен эмес. Тасмадан түшкөн кирешеден дагы режиссёрдун чөнтөгүнө бир да тыйын түшпөгөн. Мунун себебин билүү үчүн Меньшов ар бир чоңдун эшигин каккылай берген. Акыры ал эки себептен "жазалангандыгын" билген. Биринчиси - өлкөдөгү экинчи адам болгон Николай Подгорный отставкага кеткенде "адамды эч бир себепсиз кетиргендери туу­ра эмес" деген сөзү. Экинчиси - түркүн азык-түлүккө бай чет элдик дүкөндү мактап койгону эле. Ушул эки болбогон себеп үчүн гонорардан куру калган Меньшов: "Мен эч өкүнбөйм дагы, даттанбайм дагы. Негизгиси, үйдө "Оскар", эл арасында менин баркым бар", - деген.

Жеке жашоосу

Владимир Меньшов 2-курсунда актриса Вера Алентова менен таанышып, сүйүү мамилесин кура баштаган. 1962-жылы түгөйлөр никеге туруп, 7 жылдан кийин Юлия аттуу кыздуу болушкан. Белгилей кетсек, Юлия Меньшова Орусиядагы белгилүү алпаруучулардын катарында.

Жубайы, кызы менен

17-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан