АКШнын Лас-Вегас шаарында 16-сентябрда орун алган бокс боюнча беттеште казакстандык профессионалдуу мушкер Геннадий Головкин мексикалык мушкер Сауль Альварес менен беттешип, бокстун бир нече версиялары (WBC, WBA, IBF жана IBO) боюнча чемпиондук титулдарды коргоп алды. Аталган беттеш 12 раунд бою уланып, калыстар 118-110, 115-113 жана 114-114 тең эсепте жыйынтык чыгарган.
35 жаштагы Геннадий Головкин орто салмак ченинде катышып, жеңилүү ызасын тартып көрбөгөн мушкер. Ал орто салмак ченинде чемпиондук курду коргоо боюнча Дүйнө жүзүндө 2-орунда турат. Головкин профессионалдуу бокс чөйрөсүндө 38 беттеш жүргүзгөн. 37 беттеште жеңишке жетип, анын ичинен 33 беттеште атаандашын нокаут менен жеңген, 1 беттеши тең эсеп менен жыйынтыкталган.
Беттеш жыйынтыкталган соң мексикалык мушкер Сауль Альварес Головкин менен кайрадан беттешүүгө даяр экенин айткан. "Ооба, элдер реваншты кааласа мен ага даярмын. Бул беттеште Головкин жеңген жок, беттеш тең эсепте аяктады", - дейт Альварес.