Топ-Лига 2017, 17-тур: "Нефтчи" менен "Кара-Балта" командаларынын беттеши 1:1 тең эсебинде жыйынтыкталды. Бүгүн 17-тур уланат

16-сентябрда футбол боюнча Өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 17-турунун биринчи оюну өттү. Футбол лигасы кабарлагандай, анда "Нефтчи" - "Кара-Балта" беттеши орун алды.

Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү команда өз талаасында "Кара-Балта" командасын кабыл алды. Беттештин 1-таймында эки команда гол киргизе алган жок. Эсеп саны 2-таймдын башында "Кара-Балтанын" оюнчусу Атай Жакыбаевдин голу менен ачылды. Буга "Нефтчи" командасы 64-мүнөттө Марат Ажиниязовдун голу менен жооп берди.

Бул жыйынтык менен "Нефтчи" командасы 17 упай топтоп турнирдик жадыбалда 4-орунда. Ал эми "Кара-Балта" 11 упай менен 6-орунда жайгашкан.

"Нефтчи" (Кочкор-Ата) – "Кара-Балта" (Кара-Балта) 1:1

Голдор: Марат Ажиниязов (64-мүнөттө) – Атай Жакыпбаев (47-мүнөттө)

Бүгүн, 17-сентябрда 17-турдук беттештер уланат, анда "Дордой" - "Алга" жана "Алай" - "Абдыш-Ата" беттештери орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tawbawat
2017-09-17 17:08:22
Эмнеге биздин командаларда футболкасынын алдында да номери болот?
0
GENTLEMEN
2017-09-17 17:26:36
tawbawat, Аны клубдар каалагандай форма жасайтта.
0
tawbawat
2017-09-17 22:31:32
GENTLEMEN,негизи спонсорлору жазылыш керек эле дегеним
0
GENTLEMEN
2017-09-17 17:25:59
Биздин лигада канча айлампа болот, тоесть бир команда канча оюн откорот?.
0
almanbetperm
2017-09-17 20:21:01
Коп команда кылса болмок 5 команда менен оюн болмок беле,хотя 10 команда болгондо
0
Aisuluu22
2017-09-17 23:37:40
Кочкор-АТА алга! Нефтчи !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан