Бразилиялык теннисчи япондорду көзүн бүтүйтүп шылдыңдаганы үчүн 1500 доллар айыпка жыгылды

Бразилиялык теннисчи Гильерме Клезар Японияда Дэвистин кубогу үчүн өткөрүлүп жаткан оюн учурунда атаандашы, япониялык спортчу Юити Сугитаны көзүн бүтүйтүп шылдыңдаганы үчүн 1500 доллар айыпка жыгылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Бразилиянын улуттук теннис федерациясы 24 жаштагы Гильерме Клезар ал жоругу менен эч кимди таарынткысы келбегенин, бардык расанын өкүлдөрүн сыйлаарын жазып билдирүү тараткан. Теннисчи өзү дагы кечирим сураганга жетишкен. Ага карабастан эл аралык теннис федерациясы спортчуга 1500 доллар (болжол менен 102 миң сом) өлчөмүндөгү айып пул салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tansuluu09
2017-09-17 18:05:11
Мына сага
+2
omur81
2017-09-17 18:42:35
Бизди шылдыңдаганда унчукпай кала бермекпиз
+9
eldar96
2017-09-17 19:22:33
Булар учун жарыбаган 1500 долларды айып салып койбой, башкача чараларды колдонуу керек эле.
0
Asyl.jazi
2017-09-17 20:33:40
А бизде башка улутту шылдынласа 5 жылга камалмак
+3
azamat1978
2017-09-17 20:43:07
Биздин чучукту шылдындаганга да жаза бере болот эле
+3
asdef
2017-09-17 21:45:36
Козун бир жолу жымшыйта койбоптур япондор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан