Топ-Лига 2017: "Алай" командасы өлкө биринчилигинин соңуна 3 тур калганда чемпион болду

Бүгүн, 17-сентябрда футбол боюнча өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 17-турдук оюндары өттү. Футбол лигасы кабарлагандай, анда "Дордой" - "Алга", "Алай" - "Абдыш-Ата" беттештери орун алды. Оштун "Алай" командасы өлкө биринчилиги аяктаарына 3 тур калганда атаандаштарынан дароо көбүрөөк упай топтоп чемпиондукту камсыздады.

"Дордой" - "Алга"

Бишкек шаарында орун алган бишкектик дерби 0:0 тең эсепте аяктады. Эки команда тең эсеп санын ачканга бир топ мүмкүнчүлүккө ээ болгон. Бирок чабуулдарды ийгиликтүү жыйынтыктай албай эсеп саны 90 мүнөт соңуна чыкканча 0:0 бойдон калды.

Бул жыйынтык менен "Дордой" командасы 17 оюндун жыйынтыгында 26 упай топтоп 3-орунда кармалууда. Ал эми "Алга" командасы 15 упай менен 5-орунда жайгашкан.

"Дордой" (Бишкек) - "Алга" (Бишкек) 0:0

"Алай" - "Абдыш-Ата"

Ош шаарында жергиликтүү "Алай" командасы канттык "Абдыш-Ата" командасын кабыл алды. 90 мүнөттүн жыйынтыгында беттеш 1:1 эсеби менен аяктады. Оюндун 1-таймында коноктор чабуулга чыгып эсеп санын Саламон Инкумдун голу менен ачты. Буга "Алай" командасы беттеш аяктаарына 10 мүнөт калганда Одилжон Абдрахмановдун голу менен жооп берип эсепти тең кылган.

Бул жыйынтык менен "Алай" командасы 41 упай топтоп чемпиондукту камсыздады. Ал эми "Абдыш-Ата" командасы 32 упай менен 2-орунда.

"Алай" (Ош) - "Абдыш-Ата" (Кант) 1:1

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shakarbaiv.08kgm
2017-09-17 22:32:20
Ааалай ааалай ааалай молодец ребята
+3
GENTLEMEN
2017-09-17 23:26:23
Азаматсынар АЛАЙ. Ошондо 3-жыл катарасына чемпионду кармап калыштыбы?!
+3
Kuba-savai87
2017-09-18 03:23:13
Алай дун дун дун, Алай дун дун дун деген ураан менен тосуп алчубуз азаматсынар Алай командасы
0
Leilektik
2017-09-18 05:28:38
admin эмнеге менде - +баскычтары жоголуп кетти бар болчу???
0
admin_superstan
2017-09-18 09:53:22
Leilektik, саламатсызбы! Скриншотун жиберсеңиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан