Румыниядагы бороон 10го чукул адамдын өмүрүн алды. Саатына 100 чакырымга жеткен мындай бороон Украинага жетиши күтүлүүдө

Румынияда ылдамдыгы саатына 100 чакырымга жеткен бороон катталып, мындан өлкөнүн батыш тарабындагы Тимишоара шаары зыянга учурады. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына таянсак, анын кесепетинен 8 адам каза болуп, 70 адам ооруканаларга жеткирилди.

Катуу бороон дарактарды сындырып, үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен. Ошондой эле бир канча электр чубалгылар, суу түтүктөр жараксыз абалга келген.

Аталган шаардын мэри Николае Робу жергиликтүү "Digi 24" телеканалына берген интервьюсунда мындай аба ырайы күтүлөрүн эч ким эскертпегенин айтты. "Бизде мындай аба ырайы күтүлүп жатканын эч ким эскерткен эмес, жамгыр жаашы тууралуу гана маалымдалган", - деди Робу.

Өлкөнүн куткаруу кызматтары жашоочуларды көчөгө чыкпай турууга чакырууда. Ал эми синоптиктер бороон учурда Украина тарапка жылып жатканын айтышууда.

Румыниядагы коркунучтуу бороон
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
madina.87
2017-09-18 09:29:01
Аллах озу сактасын
+6
Kanzada97
2017-09-18 10:41:35
Кудайым озун сактай кор
+1
bilbeim.dordoi
2017-09-18 10:50:36
Кудай сактасын
+1
mir777
2017-09-18 11:00:43
тундо асмандан ун угулду деп атышат ким укту?
0
Batma08
2017-09-18 11:30:29
mir777,кайсыл убакта
0
mir777
2017-09-18 11:45:55
Batma08,
19.09.2017 2:00
+1
Batma08
2017-09-18 11:46:44
mir777,сен кайсыл жерден болосун
0
Musli
2017-09-18 11:58:41
mir777,Сен жер планетасында эле жашайсыңбы?
+2
mir777
2017-09-18 12:08:15
Musli,хах мен Марста жашайм. силердин планета жакта угулду дешти. мен деле так билбейм.
+7
Batma08
2017-09-18 14:45:05
mir777,бугун 18 сентябрь экенго
0
mir777
2017-09-18 13:07:49
Уккандар барбы жокпу?
0
Ayida
2017-09-18 14:37:52
19.09.2017 эртен
0
mir777
2017-09-18 15:09:19
Ayida,кстати 18,09,17
0
Batma08
2017-09-18 14:44:23
Укканым жок.Менимче жалганго
0
mir777
2017-09-18 15:17:11
Batma08,бишкекте угулду дейт
0
mir777
2017-09-18 15:17:40
Batma08, тунку 2лерде уктай элек беленер?
0
Batma08
2017-09-18 16:08:06
Ун кандай угулуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан