Одессада балдар лагеринде чыккан өрттөн өспүрүм кыз 8 баланы куткарып чыкты

Одесса шаарындагы спорттук жана ден соолукту чыңдоочу "Виктория" балдар лагеринде 16-сентябрга караган түнү өрт чыккан. Кырсыктан 3 кыздын каза болгону кабарланды.

Өрттөнгөн корпустун ичинде жалпы 42 бала болгон. Хореографиялык ансамблдин мүчөсү Екатерина Ной 8 баланы куткарып чыкканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Өспүрүм кыз күйүк алганына карабай өрттөнүп жаткан корпустун ичинен 8 кичине баланы алып чыккан. Өзүнүн буту жана дем алуу органдары күйүк алып, ооруканага жеткенде эс учун жоготкон. Азыркы тапта кыздын абалы канааттандырарлык экени маалым болду.

Балдар лагериндеги өрт кырсыгы боюнча кызматтык шалаакылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, лагердин директору кармалган. Одесса дем алыш күндөрүн аза күтүү күнү деп жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Syn4y
2017-09-18 09:50:17
erkek kyz eken
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан