Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча мелдештерге катышат.
Аталган мелдеште бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз өлкөсүнөн 4 жөө күлүк медалдар үчүн ат салышат. Алар Мусулман Жоламанов, Арина Клещукова, Гулшанай Сатарова жана Кирилл Сарасов.
Кыргыз жөө күлүктөрдүн тизмеси жана катыша турган убактысы (Бишкек убактысы боюнча):
10:33 - Мусулман Жоламанов - 800 метр аралыктагы жарышка катышат;
10:55 - Арина Клещукова - 800 метр аралыктагы жарышка катышат;
10:02 - Гулшанай Сатарова - 800 метр аралыктагы жарышка катышат;
10:38 - Кирилл Сарасов - 400 метр аралыктагы жарышка катышат.