Жабык имараттагы Азия оюндары: Бүгүн жиу-житсу боюнча мелдеште Муртазали Муртазалиев медаль үчүн күч сынашат

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз спортчулар жиу-житсу боюнча мелдешке катышат.

Бүгүн, 18-сентябрда аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 6 мушкер катышат. Алар Бектур Тыныбеков, Эржан Турускелдиев, Бекаяр Эгембердиев, Муртазали Муртазалиев, Нуркалый Мирланов жана Абдурахманхажи Муртазалиев.

Кыргыз спортчуларынын атаандаштары жана беттештердин убактысы (Бишкек убактысы боюнча):

85 килограммга чейинки салмак ченинде:

11:00 - Бектур Тыныбеков - Синтра Соокхейт (Таиланд).

69 килограммга чейинки салмак ченинде:

11:14 - Эржан Турускелдиев - Марк Лим (Филиппин).

77 килограммга чейинки салмак ченинде:

11:21 - Бекаяр Эгембердиев - Алберт Алдияров (Казакстан);

11:28 - Муртазали Муртазалиев - Аль Рашид Хамза (Иордания).

69 килограммга чейинки салмак ченинде:

12:03 - Нуркалый Мирланов - Эчагай Мурасава (Таиланд).

85 килограммга чейинки салмак ченинде:

12:10- Абдурахманхажи Муртазалиев - атаандашы аныктала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан