Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда депутат Аида Салянованын соттук отуруму уланууда. Буга чейин анын жактоочуларынын бири Чынара Жакупбекова SUPER.KG'ге билдиргендей, соттолуучу отурумга кирүүдөн баш тартып жаткан. Буга анын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованын отурумга киргизилбегени себеп болгон.
Эскерте кетсек, Салянованын соттук иши боюнча буга чейинки отурумунда коомдук жактоочу отурумдун төрагасы Кубанычбек Касымбековду мыйзам бузуучулукка айыптап, кайым айтышуу жаралган. Жактоочуну колдогон депутат Наталья Никитенкону да кошуп сот залынан чыгарып жиберерин эскертип, ал тургай сот милиция кызматкерлерин да чакырып ийген. Бирок алар сот залынан чыкпастан отурум улантылган болчу.
Аида Салянова коомдук жактоочунун отурумга киргизилбегенине нааразы болуп мамлекеттик айыптоочу тарабынан берилген суроого жооп берүүдөн баш тартууда. Жактоочу Чынара Жакупбекова сотко эсеп боюнча 12-жолу ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот тарабынан анын сунушу четке кагылды. Залда ызы-чуу жаралып, отурумдун катышуучулары төраганы "чөнтөк сот" деп кыйкырышты.
Узакка созулган талаш-тартыштан кийин Рабига Сыдыкованы сот залына киргизишти. Ушул жуманын ичинде Салянованын соттук иши боюнча райондук соттун чечими чыгары күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.