Ош облусунда туугандарынын үлпөт тоюнда сейилдөө үчүн атасынын Лексус унаасын айдап чыккан өспүрүм бала жол кырсыгына кабылып, 2 кыз каза болду. Маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз кызматы ырастады.
Белгилүү болгондой, жол кырсыгы кечээ, 17-сентябрь күнү саат 14:15тер чамасында Сары-Таш-Карамык унаа жолунда болгон. Үлпөт тойдо сейилдөөгө Карамык айылынын жашоочусу 2000-жылы туулган бала атасынын Lexus RX-300 унаасын айдап чыккан. Анын ичиндеги 4 кыз туугандары болгон. Унааны айдап бара жатып рулду башкара албай оодарылып кеткен.
Унаадагы жүргүнчүлөр 2008 жана 2001-жылы туулган кыздар жол кырсыгынан каза болушту. Дагы 2003 жана 1999-жылы туулган эки кыз, айдоочу райондук ооруканага жаткырылды. Факты боюнча соттук-медициналык, автотехникалык экспертиза дайындалды.