Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында футзал боюнча Кыргыз курама командасы алгачкы беттешин өткөрөт.
Кыргыз футзалчылар алгачкы беттешин Иордания курамасы менен өткөрөт. Амиржан Муканов баштаган футзал боюнча Кыргыз курамга 12 спортчу чакырылган. Алар Виталий Зубарев, Дилшат Кадыров, Ильяс Чотбаев, Манас Абдрасул уулу, Бексултан Назаров, Николай Шамонин, Максат Алимов, Актай Таштанов, Арстанбек Турсунов, Мирлан Жолдубаев, Дамир Исаков жана Азимжан Юнусов болду.
Маалымдай кетсек, чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз курама командасы "D" тайпасына туш келген. Анда Иордания, Таити жана Иран өлкөлөрү менен күч сынашат.
1-тур, 18-сентябрь:
Кыргыз өлкөсү - Иордания (беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:15те орун алат)
2-тур, 19-сентябрь:
Кыргыз өлкөсү - Таити
3-тур, 20-сентябрь:
Кыргыз өлкөсү - Иран.