Жабык имараттагы Азия оюндары: Футзал боюнча Кыргыз курама командасы Иордания менен беттешип ири эсепте жеңилип калды

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында футзал боюнча Кыргыз курама командасы алгачкы беттешинде атаандашына ири эсепте жеңилип калды.

Футзал боюнча Кыргыз курама командасы жабык имараттагы Азия оюндарынын алкагында Иордания курамасына туш келген. Анда Кыргыз курама командасы ири, 1:7 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Кыргыз курама командасы Мирлан Жолдубаевдин голу менен гана айырмаланды. Жана ошондой эле Манас Абдрасул уулу өз дарбазасына автогол киргизгенге жол берди.

"D" тайпасындагы 2-беттеште Иран курамасы Таити курамасы менен кездешкен. Анда Иран спортчулары атаандаштарынын дарбазасына 16 гол киргизип жеңишке жеткен.

Бул жыйынтык менен Кыргыз курама командасы "D" тайпасындагы турнирдик жадыбалда 3-орунда жайгашты. 1-орунга 3 упай жеңип алган Иран курамасы жайгашса, 2-орунда 3 упай менен Иордания курамасы жайгашкан. Ал эми өз дарбазасына 16 гол өткөрүп жиберген Таити курамасы 4-орунда келе жатат.

"D" тайпасындагы жыйынтыктар:

Кыргыз өлкөсү - Иордания 1:7

Голдор: Мирлан Жолдубаев (26-мүнөттө) - Манас Абдрасул уулу (7-мүнөттө, автогол), Нуреддин Атеф Али (3 жана 35-мүнөттө), Ахмад Аммер Абдель (22 жана 24-мүнөттө), Мохан Араб (36-мүнөттө), Баха Алдин Моаз (40-мүнөттө).

Иран - Таити 16:1

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tansuluu09
2017-09-18 17:14:54
Жаман болуптурдаааа((
0
Rasul94
2017-09-19 13:13:27
конумуш адат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан