24-25-май күндөрү Бахрейндин Манама шаарында кыздар арасындагы футбол боюнча “Азия чемпиондугу-2014” мелдешине тандап алуу оюндары өтүп, анда кыргызстандыктар 2 командадан утулушту. Маалыматка ылайык, 24-май күнү мекендештерибиз Вьетнам командасы менен беттешип, 0:12 эсебинде утулушкан. Ал эми 25-май күнү бахрейндиктерден 1:4 эсебинде жеңилип, алдынкы орундарга илинбей калышты. Айта кетсек, кыргызстандыктар Манама шаарындагы беттешүүдө “С” тобунда ойноп, бардык беттештерде жеңилүүгө аргасыз болушту.