Англиянын "Эвертон" футболдук клубунун чабуулчусу Уэйн Руни мас абалында унаа айдаганы үчүн 2 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып 100 сааттык коомдук жумуштарга тартылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Уэйн Руни 31-августта кечки тамактан кийин үйүнө бараткан соң полиция кызматкерлерине кармалган. Руни бүгүн, 18-сентябрда мас абалында унаа башкарганын соттук ишинде моюнуна алган. Ал 100 сааттык коомдук жумуштарга тартылып, 2 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган жана ошондой эле ага 170 фунт стерлинг айып салынган. Буга чейин "Эвертон" футболдук клубу Уэйн Руниге 350 миң фунт стерлинг айып салган.
Эске салсак, футболчу 2017-жылдын жайкы транферлер убагында "Манчестер Юнайтед" клубунан "Эвертон" клубуна кайткан. Ал буга чейин "Эвертон" клубунда тарбияланган. 2002-жылы "Эвертон" клубунун негизги курамына кошулуп 67 беттеште 15 гол киргизген. 2004-жылы "Манчестер Юнайтед" клубу 25,6 миллион фунтка сатып алган. "МЮнун" курамында Руни 393 беттешке катышып 183 гол киргизген.