Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата веложүрүш болот

1-июнь күнү Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата веложүрүш болот. Бул тууралуу КРнын Велоспорт федерациясы билдирди. Веложүрүштүн максаты - жарандарды чың ден соолукка үндөө, жаш өспүрүмдөрдү спортко кызыктыруу жана велоспортту өнүктүрүү. Жүрүш саат 11:00дө борбор шаардагы "Жеңиш" аянтынан башталып, Чүй, Абдрахманов, Медеров, Курманжан датка көчөсүнөн өтүп, Ахунбаев көчөсүнөн аяктайт. Велоспортчуларды Жол кайгуул кызматы менен “Тез жардам” кызматы коштоп жүрөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан