Нурсултан Раимбеков Казакстанда өтүп жаткан "I am a Singer" сынагынын 2-туруна өттү

Казакстанда өтүп жаткан "I am a Singer" жаш таланттар сынагына Кыргыздын атынан катышып жаткан Нурсултан Раимбеков сынактын 2-туруна өттү. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына маалымдады.

"Кечээ сынактын 1-туру болуп, андан ийгиликтүү өттүм. Сынак жалпысынан 16 турга бөлүнөт жана ар бир турда добуш аркылуу бирден катышуучу четтетилет. Бул өтө масштабдуу кароо-сынактардын катарына киргендиктен, ага жалаң күчтүү катышуучулар келишиптир. Алардын жанында устаттары жана колдоочулары чогуу жүрүшөт. Мени болсо казактар көбүрөөк колдоп жатышат", - деди ал.

Белгилей кетсек, сынак 18-сентябрдан 31-декабрга чейин өтөт. Ага 6 мамлекеттен 10 ырчы катышып, аларга ар бир турдан соң кийинки таймашка даярдануу үчүн 1 жума убакыт берилет.

Нурсултан Раимбеков "I am a Singer" долбооруна даярдык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dinamo7
2017-09-19 14:18:15
Ийгилик болсун
+2
aibars
2017-09-19 14:19:05
Ийгиликтер
0
ekaterinburg
2017-09-19 14:33:46
Азаматсын!Калган турларга ийгилик!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан