Бүгүн, 19-сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында баскетбол 3х3 боюнча мелдештер старт алат.
Анда Кыргыз курама командасы Монголия жана Непал курамалары менен беттешет. Кыргыз курама командасы 3 оюнчу менен көрсөтүлгөн, алар Шакиржан Куранбаев, Евгения Пекхов жана Нуртай Суванбеков.
Кыргыз курама командасы тайпалык баскычта Монголия, Непал жана Өзбекстан командалары менен күч сынашат. Жалпы мелдеште 16 команда катышып 4 тайпага бөлүнгөн.
Кыргыз курама командасынын оюндары (Бишкек убактысы боюнча):
19-сентябрь:
19:50 - Кыргыз курама командасы - Монголия курама командасы;
20:05 - Кыргыз курама командасы - Непал курама командасы.
21-сентябрь:
19:00 - Кыргыз курама командасы - Өзбекстан курама командасы.