Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш боюнча мелдеште Кыргыз балбандар 2 күмүш медаль тагынды.
Руслан Тавалдиев 80 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Кыргыз балбаны жарым чейрек финалда япониялык балбанды жеңип, чейрек финалда индиялык Венузо Вахуону 9:1 эсебинде жеңсе, жарым финалда ирандык балбанды жеңип финалга жолдомо алган. Финалда Руслан Тавалдиев түркмөнстандык Силапберди Нуриевге туш келип, беттештин жыйынтыгында түркмөнстандык балбан 3:1 эсеби менен жеңишке жеткен. Муну менен Руслан Тавалдиев Азия оюндарынын күмүш медалын тагынды.
Алтынай Мамарасул кызы 70 килограммдан жогору салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште монголиялык балбандын үстүнөн жеңишке жеткен. Жарым финалда Алтынай ирандык Саедех Рахимиге туш келип 6:0 эсебинде жеңип алган. Финалда Мамарасул кызы монголиялык Мунхцецег Отгон менен беттешип жеңилүү ызасын тартып күмүш медалга ээ болду.
Муну менен бул оюндарда Кыргыз спортчулары жалпы 17 медалга ээ болду, алардын ичинен 1 алтын, 6 күмүш жана 10 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз курамасы 13-орунга жайгашты.