Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча мелдеште Гүлшанай Сатарова күмүш медалын жеңип алды.
Гүлшанай Сатарова 1500 метр аралыктагы жарышка катышып, 4 мүнөт 31,64 секунд жыйынтыгын көрсөткөн. Кыргыз жөө күлүк 9 спортчунун арасында 2-болуп келип күмүш медалга татыды.
Андан тышкары аталган жарышка дагы бир Кыргыз спортчу катышкан, 19 жаштагы Арина Клещукова 4 мүнөт 34,16 секунд жыйынтыгы менен 3-орунду ээлеп коло медалга татыды.
Муну менен Кыргыз капчыгында жалпы 17 медаль болду, алардын ичинен 1 алтын, 6 күмүш жана 10 коло медаль. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз курамасы 13-орунда жайгашты.