"Көргүм келет", "Миллиондук мелдеш", "Поларис шооласы" тасмалары аркылуу таанымал актёр Амантур Мусаев бойдокчулук менен коштошот. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына маалымдады.
"Кудай буюрса, 23-октябрь күнү сүйүктүүм Миргүл менен баш кошуу алдында турам. Ал 21 жашта, өзү Бишкекте туулуп-өскөн, бирок түбү Баткенден болот. Чыгармачылык чөйрөдөн алыс адам. Экөөбүз мындан 3 жыл мурун дос баламдын үйлөнүү тоюнда таанышканбыз", - деди актёр.
Учурда Амантур Мусаев үлпөт тойго кызуу камынып жүргөн убагы. Той борбордогу тойканалардын биринде өтөт.