ЖЫЛНААМА, 20-СЕНТЯБРЬ: Өзүнүн өлүмү тасмага жазган сценарийи менен дал келген Сергей Бодров 15 жыл мурун көчкү алдында калган

Актёр, режиссёр, сценарист көпчүлүктүн кумирине айланган Сергей Бодровдун дүйнөдөн кайтканына бүгүн, 20-сентябрда 15 жыл болду. Түштүк Осетиянын Геналдон суусунун капчыгайында тоо чокуларынан түшкөн Колка көчкүсү ондогон кыштакты, туристтик лагерлерди, анын ичинде 137 адамдан турган Сергей Бодровдун чыгармачыл тобун басып калган.

Белгилүү актёр кино сүйүүчүлөрүнүн эсинде өзүнүн "Брат" , "Брат 2", "Кавказский пленник" жана башка тасмаларда жараткан ролдору менен калды. Мындан сырткары Бодров өзүн мыкты режиссёр, сценарист жана алып баруучу катары көргөзө алган. Ал "Акыркы баатыр" теледолбоорунун бир сезонун алып барган.

Мыкты дипломат

Тасмада дайыма бейбаштын же кримавторитеттин образын жаратканы менен, чыныгы жашоодо Бодров өзүнүн оор басырыктуу, токтоо мүнөзү менен айырмаланган. Интервьюларынын биринде ал жашоодо эч ким менен мушташып көрбөгөнүн жана кандай гана кырдаал болбосун жол таба билгендигин айткан: "Бала чагымда өзүмдү уникалдуу жана эң акылдуу деп эсептечүмүн. Ким болбосун тил табыша билип, өзүмдөн улуу адамдар менен баарлашканды жактырчумун", - деген ал.

Искусство таануу илимдеринин кандидаты

Орус жана совет киноматографиясынын жылдызы, искусство таануу илимдеринин кандидаты болгон. Ал 1998-жылы "Кайра жаралуу доорундагы живопись жанрындагы архитектура" деген темада диссертациясын жактаган.

Сергей Бодров орто мектепти аяктаган соң театралдык окуу жайга тапшырууну көздөгөн, бирок атасы андан кайрадан ойлонуусун жана туура чечим кабыл алуусун суранган. Көпкө ойлонуп М.Ю.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 1994-жылы аны аяктаган. Белгилүү актёрго сизге билимиңиздин кереги тийдиби деген суроо узатылганда "Албетте, мисалы, сиз бир шаарга барсаңыз ал жакта борбордук аянт жана эки, үч белгилүү жер бар экенин билесиз. А мен болсо ал жакта бир музейде, бир күн кечке карап турганга татыктуу картина бар экенин билем", - деп жооп берген.

Популярдуулукту алып келген роль

1996-жылы актёрдун атасы, белгилүү режиссёр Сергей Бодров уулун "Кавказ туткуну" кино тасмасынын башкы ролуна тандап алган. Тасма тартылган соң көпчүлүк атасын сынга алып, өзүнүн баласын атактуу кылуу аракетин көрүп жатат деген сөздөр көп болгон. Бирок тасма көрүүчүлөрдүн жана кино сынчылардын купулуна толуп, "Ника", "Кинотавр" сыйлыктарына татыган.

Алгачкы кадам

Бодров режиссёрлук менен 2000-жылдан тартып алектене баштаган. Тасманын идеясын атасы айтып, актёр эки жуманын ичинде сценарийди жазып бүтүргөн. "Эже-сиңди" аталышында чыккан фильми көрүүчүлөр жана кино сынчылар тарабынан жогору бааланган. Эң кызыгы Бодров бул тасманын башкы ролуна профессионал эмес актёрлорду тандаган. Алгачкы тасмасын тарткан соң актёр көп убакыт жаңы тасма тартуудан коркуп жүргөнүн айткан. Анткени менен көп өтпөй "Связной" тасмасын тартууга белсенип, тилекке каршы, аны аягына чыга алган эмес.

Тоолорго болгон сүйүү

"Кавказ туткуну" тасмасындагы ролунан кийин актёрдун тоолорго болгон сүйүүсү күч алган. Ал: "Эгерде мүмкүнчүлүк болгондо мен тоо коюнунда жашайт элем...", - деп билдирген. Тилекке каршы, актёр тоо коюнунан өлүм тапкан. 2002-жылдын 20-сентябрында Бодров тасма жаратуучулар менен көчкүнүн алдында калган. Азыркы убакытка чейин 100дөн ашуун адам дайынсыз деген маалыматтар айтылып келет. Белгилүү актёрдун денесин издөө иштери 2 жылга созулуп, жыйынтык болбогондуктан токтотулган. Көпчүлүктү таң калтырган факт - актёр жазган "Связной" тасмасынын сценарийи боюнча кинонун соңунда бардыгын көчкү басып, бир гана башкы каармандар аман калмак. Дал ошол сценарийде жазылгандай башкы каармандардын ролун жараткан эки актёр аман калып, калган команда мүчөлөрү көчкү алдында көз жумушкан.

20-сентябрдын жылнаамасы.

"Брат" тасмасынан эпизод
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur72
2017-09-21 02:49:57
албетте окунучтуу таланттуу инсан эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан