Бир нече мүнөттөрдөн соң ырчы Аваз Акимовдун SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги башталат. Анын жеке жашоосу же чыгармачылыгы тууралуу билгиңиз келсе, суроо узатсаңыз түз эфирден жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Аваз Акимов жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген собол ээсине белегин ыйгарат.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жообун алсаңыздар болот.
15:00 Аваз Акимовдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталды. Ал алып баруучулар даярдаган ойготкуч суроолорго жооп берүүдө.
15:10 Күйөрманынын "Башка жылдыздардан айырмаңыз?" деген суроосуна, "Өзүмдүн ырларым, келбетим менен айырмаланам. Бирок көпчүлүгү жөнөкөйлүгүмдү баса белгилешет. Учурда көп ырчылар бири-бирибизге окшошпуз. Өзгөчө болгонго аракет кылуудабыз, бирок эч эле ишке ашпай жатат. Азыр көбүнчө элдин талабына ылайык көп каражат алып келген той ырларын жаздырып жатабыз", - деди ал.
15:15 Алып баруучулардын жеке жашоосу тууралуу берилген суроосуна, "Бойдокчулук экөөбүз аябай жакшы достошуп алганбыз. Учурда сүйлөшкөн кызым жок, бирок жактырып жүргөн бир кыз бар. Ага сүйүүмдү арнайын дейм. Балким, ал мени жактырбайт деген ой тоскоолдук кылып, сезимимди билдире албай жүрөм", - деди ырчы.
15:18 Суроо: "Айганыш деген кызды чын эле жактырып, ал үчүн Спорт Ордосун айланып жүргөн экенсиз?"
"Жок, андай эмес. Бул тууралуу комментарий бербей эле койсом жакшы болмок", - деди ырчы.
15:20 Колдонуучунун ырчы Айдана Дека менен болгон мамилеси тууралуу узаткан суроосуна, "Айдананы карындашымдай көрөм, ортобузда сүйүү жок", - деп жооп берди.
15:25 Суроо: "Айдана Деканы Москвага алып барып, ойнотуп келүү үчүн карызга батып калыптырсыз. Андай эрке кызды эмне кыласыз?"
"Айдана Дека менен Москва шаарына концерт коюуга барганбыз. Аны ойното тургандай ал менин сүйлөшкөн кызым эмес. "Карызга батып кетти" дегенди биринчи жолу угуп жатам. Айдана өзүнүн ата-энеси менен жетиштүү үй-бүлөдө жашаган кыз. Өзү да иштейт, менден көп каражат табат. Менин акчама муктаж эмес", - деди Акимов.
15:30 Аваз Акимов менен Айдана Деканын аткаруусундагы "Аппагым" ырынын клиби көрсөтүлдү.
15:33 Колдонуучунун "Соңку ирет кантип өзгөрдүңүз эле?" - деген суроосуна "Чачымды сары кылып боёгом бир кезде, азыр ошол сүрөттөрүмдү көрүп күлүп калам. Сары чач менен 3 ай жүргөм. Стилди өзгөртүү үчүн чачымды кырганга даяр эмесмин. Калган нерселерди жасап көрсө болот", - деди ырчы.
15:38 Аваз Акимов алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышууда.
15:47 Суроо: "Нурлан Насип ырдап чыккандан бери хан сарай салып, автоунаа алыптыр. Сизде кандай материалдык байлык бар?"
"Автоунаам жана адамгерчиликтүү сапатым бар. Киреше алып келүүчү жеке булагым деле бар, бирок ал жөнүндө айтууну туура көрбөйм", - деп жооп берди.
15:50 Ырчы аккордеондун коштоосунда жандуу үн менен "Чабалекей" деген ырын аткарууда.
15:53 Колдонуучунун "Атактуулуктун даамын татып көрдүңүз беле же ал убакыт келе элекпи?" - деген суроосуна, "Мага атактуулук келе элек. Алдыга койгон максаттарым көп, буюрса, ал деңгээлге эми жетем", - деди ырчы.
15:58 Суроо: "Айдана Дека экөөңөрдү бир нече жолу чогуу көргөм. Мамилеңерди жашырбай эле, үйлөнүп албайсыңарбы?"
"Ушундай суроолордон тажап кеттим, чынын айтсам. Жооп бербей эле койсом капа болбойсуңар ээ?" - деген жооп узатты.
16:00 Күйөрманынын суранычы боюнча "Келипсиң, чымчык кайрадан" ырын аткарууда.
16:03 Суроо: "Ырчы Нурлан Насип экөөңөр бир кызга ашык болгон учур болду беле?"
"Жок, андай учур болгон эмес. Ал жактырган кыздын курбусун мен, мен жактырган кыздын курбусун Нурлан жактырып калган учур болгон", - деди ырчы.
16:05 Аваз Акимовдун SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.