Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыз балбандары бел боо күрөшү боюнча мелдеште 3 коло медаль жеңип алышты

Бүгүн, 20-сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында бел боо күрөшүнүн классикалык стилинде мелдештер орун алды. Анда Кыргыз спортчулар 3 коло медаль жеңип алганга үлгүрдү.

100 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз балбан Орозбек Аширов алгачкы беттешинде индиялык балбанга туш келген. Анда Аширов индиялык Бали Пулени 6:0 эсебинде жеңип жарым финалга өткөн. Жарым финалда Кыргыз балбаны түркмөнстандык Сейди Батыров менен күрөшүп 0:6 эсебинде жеңилип калган. Бул жыйынтык Кыргыз балбанга коло медалын тагынганга мүмкүнчүлүк берди.

Мадаминбек Шаршенали уулу 70 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, жарым чейрек финалда индиялык балбанды жеңип, чейрек финалда пакистандык балбандын үстүнөн жеңишке жеткен. Жарым финалда Мадаминбек түркмөнстандык Ханкелди Аллаковго туш келген. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз спортчу 5:0 эсебинде жеңилип, Азия оюндарынын коло медалын тагынган.

Нурзат Бактияр кызы 70 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште монголиялык балбан менен кез келген. Беттештин жүрүшүндө Кыргыз балбаны 3:1 эсебинде жеңип жарым финалга өткөн. Анда Кыргыз спортчусу түркмөнстандык Насиба Суркуевага туш келип, 3:0 эсебинде жеңилип калган. Бул жыйынтык менен Нурзат Бактияр кызы коло медалына татыды.

Маалымдай кетсек, Азия оюндарынын 4 күнүнүн жыйынтыгында Кыргыз спортчулары жалпы 20 медаль жеңип алышты. Алардын ичинде 1 алтын, 6 күмүш жана 13 коло медаль. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү азырынча 13-орунда жайгашып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2017-09-20 16:32:49
Бул туркмондор аябай кыйын калк окшойт, эч кимге ат салдырбайт го
0
Riokyrgyz
2017-09-20 16:54:56
kechirmeni,Көчмөндөр оюнунда биз алдыга эч кимди салбадыбы эле,каап.
0
Edward.14
2017-09-20 16:49:47
Мадамин 1ди алыш керек эле да
+1
kyialreal
2017-09-20 21:03:55
Нурбек качан курошот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан