Жабык имараттагы Азия оюндары: Тай боксчу Бекжан Мытысаев коло медалын жеңип алды

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз тай боксчусу Бекжан Мытысаев коло медалына татыды.

Кыргыз спортчу 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Алгачкы беттеште Бекжан Мытысаев Макао өлкөсүнүн спортчусуна туш келген. Анда Кыргыз спортчу 3 мүнөттүк беттештин жыйынтыгында жеңүүчү болуп жарым финалга өткөн. Жарым финалда Мытысаев түркмөнстандык Мустафа Сапармурадовго туш келип жеңилип калды. Бул жыйынтык менен Кыргыз спортчу Азия оюндарынын коло медалын жеңип, Кыргыз капчыгына 14-коло медалды алып келди.

Жалпы эсепте Кыргыздын пайдасына 21 медаль бар. Алардын ичинде 1 алтын, 6 күмүш жана 14 коло медаль. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 13-орунда жайгашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
marselkalmurzaevkg
2017-09-20 20:56:39
Эмне баарында эле туркмостанга эле жениле беришкен
0
Adi.Avazbekov
2017-09-20 21:01:08
Ошону ойлоп жатам менда баарын женип келип эле туркмондорго женилишип жатат баары. Эмне туркмондор кыйынбы.
ХХХХ
+1
admin_superstan
2017-09-21 11:04:06
Adi.Avazbekov, порталдын ишмердүүлүгүнө тиешелүү сын-пикирлер атайын дарекке жиберилиши керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан