Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан бел боо күрөшү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз балбаны Тынчтыкбек уулу Бекзат алтын медалга татыды.
Кыргыз балбаны 55 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Биринчи беттешинде Бекзат пакистандык Мухаммад Шахидди жеңип, андан соң жарым финалда түркмөнстандык Муратхан Азадовду артта калтырган. Ал эми финалдык беттеште кайрадан түркмөн спортчусу Сапа Жумаевге каршы туруп 7:5 эсебинде жеңип Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына экинчи алтын медалды алып келди.
Эскерте кетсек, буга чейин жиу-житсу боюнча мелдеште Абдурахманхажи Муртазалиев Кыргыз капчыгына алгачкы алтын медалды алып келген.